«АКАДЕМИЯ КЕЧЕЛЕРИ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – кыргыз элинин миң жылдап басып өткөн тарыхый улуу жолун про­фессионалдык ад‑ттын көркөм каражаты м‑н эпикалык масштабда чагылдырууга аракеттен­ген алгачкы ири чыгарма. 20‑к‑дын 30‑жылда­рындагы Кырг‑нда курулуп жаткан соц. коом­дун өзгөчө артыкчылыгын даңазалоо («Биз ким элек, ким болдук?») максаты м‑н К. Тыныс­танов баш болгон авторлор тобу тарабынан (К. Жантөшев, Ш. Көкөнов, А. Сопиев) 1931­32‑ж. жазылган. К. Тыныстанов өзүнүн 1933‑ж. 3‑июнда «Советская Киргизия» гезитине жа­рыялаган «Мой путь, мое творчество, мое лицо» деген макаласында «А. к.» кыргыз элинин узак тарыхын – илгерки аскердик‑феодалдык зама­нын, кечээги колониялдык‑капиталисттик доо­рун, пролетардык соц. курулуш мезгилин иск­во тили м‑н көрсөтүүнү максат кылгандыгын, үч доорду чагылдырган мындай зор драмалык­театрдык панорама аркылуу негизги үч максат­ты көздөгөндүгүн маалымдайт. Автор аталган макаласында: 1) таптардын күрөшүндө зарыл курал болуп эсептелген иск‑вого материалист­тик көзкараштын тууралыгын көркөм форма аркылуу көрсөтүү болгон. Бирок сынчылар бул драмалык чыгарманын идеялык мазмуну ошол кездеги бурж. улутчулдардын О. Азия элдери­нин рев‑яга чейинки турмушу кой үстүнө тор­гой жумурткалаган бейпилдик катары даңа­заланган деп айыпталат; 2) бул бөлүктө кыр­гыз коомундагы тап күрөштөр тарыхынын не­гизги учурлары м‑н эмгекчилерди таанышты­рууну көздөгөн болсо («Көз көргөндөр»), кыр­гыздын бий‑манаптарынын жүрүм‑турумун, кылыктарын сынга алууга аракет кылышканы м‑н бүтүндөй алганда «А. к.» табияттын куча­гында бейкапар уктап жаткан кыргыздардын өткөндөгү төгөрөгү төп турмушу, тапсыз идеал­дуу патриархалдык бейпилчилдикке суктануу, кайрылгыс болуп кеткен «алтын мезгил» ж‑дөгү сагыныч күчтүү деген айып коюлган. Спектакл­де кыргыздын ири манабы Шабдандын өлүмү эл тарабынан жалпы кайгы, жалпы трагедия катары кабыл алынат. Көпчүлүк аны жалпы элдик баатыр катары даңазалайт. Авторлор «калктын атасы» деп атайт деп күнөөлөгөн; 3) сынчылар социализм үчүн күрөштө пролетари­аттын маанилүү куралы болгон пролетардык иск‑вонун жардамы м‑н эмгекчилерди уюшту­руу, баш коштуруу экендиги баса белгиленбес­тен, кыргыз элинин жаңы турмушка карата

кыймылы совет бийлиги, колхоз түзүлүшү үчүн болгон күрөшү примитивдүү түрдө бурмаланып көрсөтүлгөн деп катуу сындалган. Кол жазма (оригинал) бизге чейин келип жеткен жок. Бар болгону К. Тыныстановдун өзү түрмөдө жатып сурак учурунда «А. к‑нин» эсинде калганы б‑ча которуп, «түшүнүк» катары жазып берген орус­ча варианты гана бар.
Т. Абдылдабеков, А. Обосканов.