АКАДЕМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(фр. akademisme) – 1) көркөм сүрөт иск‑восунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы А. маньеризмге каршы туруу м‑н антикалык ж‑а Кайра жаралуу иск‑восунун үлгүлөрүн бе­кемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль м‑н Микеланжелонун чыг­лыгы болгон. Кийин А. салтты сактоого ж‑а бул негизде профессионал мектепти түзүүгө бай­ланышкан көркөм мад‑ттын маанилүү бөлүгү катары каралган. А. булактары – 1585‑ж. чен­де ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья ака­демиясынын ишмердигинде. Живопись ж‑а скульптуранын Королдук академиясынын ачы­лышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байла­нышкан. 17‑18‑к‑да тарыхый ж‑а мифтик не­гизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. А. иск‑вонун өнүгүүсүн кечеңде­түүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. 19‑к­дын 1 -жарымында ага романтизм, кийин реа­лизм каршы болгон; 2) балет тарыхында «А.» ж‑а «академиялык бий» терминдери 19‑к‑дын жарымында Францияда, Италияда ж‑а Рос­сияда хореогр. иск‑вого колдонулат. Франц. хореографтар Ж. Мазилье ж‑а А. Сен‑Леондун балеттеринде А. ири бий формаларынын (гран­па, пад’аксьон, па‑де‑де) ж‑а алардын элемент­теринин (вариациялар, адажио, кода) турукта­шуусу ж‑а алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу м‑н мүнөздөлөт. А. жетиш­кендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спек­таклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк ж‑а орус мектебинин үлгүсүндө кыр­гыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.