АЙЯ СОФЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Стамбулдагы музей имарат. Бул көөнө арх‑ралык эстеликтин пайдубалы импе­ратор Константиндин буйругу м‑н 325‑ж. түптөлүп, 10 миң жумушчу 5 жылда сальш бүтүргөн. Андан бери бир нече ирет ондолуп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы көрүнүшү негизинен 532–37‑ж. (император Юстиниандын заманында) архитекторлор Анфимий ж‑а Иси‑дордун колунан чыккан үлгү нускадагы калыбын сактаган. Алардын салган күмбөзү 20 жыл өткөн соң кулап калып, 563‑ж. Родос а‑нын топурагынан жасалган жеңил кыштан жаңы күмбөз тургузулган. 
АЙЯ СОФЬЯ30.png

Анын уз. 77 м, бийикт. 55,6 м, куполунун диаметри 31,5 м келип, анын негизин айланта 40 терезе жасалган. Алар аркылуу ичине туш тараптан жарык төгүлүп, куполдун зор табагы храмдын үстүндө калкып тургандай көрүнөт. Бул имараттын курулушунун күбөсү болгон жазуучу Прокопийдин сөзү б‑ча, А. С. деңиз толкун дарынын үстүндөгү кеме сыяктуу бүткүл шаардын үстүнөн бийлеп тургандай элес калтырчу экен. А. С. учурунда дүйнөдөгү эң ири чиркөөлөрдүн бири болгон. Түрктөргө чейин Византия империясынын, кийин 500 жыл бою түрктөрдүн диний борбору болгон. 1453‑ж. мечит болуп, ошого жараша имараттын ичи кайрадан көркөмдөлүп жасалгаланган. 16–18‑к‑дарда тегерегине мунаралар тургузулуп, кошумча курулуштар салынган. Ататүрктүн тушунда А. С. 1935‑ж. мамл. музей болуп түзүлүп, бир нече филиалдары болгон. 2020‑ж. кайрадан мечитке айландырылган.