АЙЫП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
у к у к т а – Адм. жоопкерчилик ж‑дөгү кодексте ж‑а Кылмыш‑жаза кодексинде (КЖК) каралган негизги жазалардын бири; адм. укук бузуу же кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан белгиленип, мамлекеттин пай­дасына күнөөлүүдөн өндүрүлүүчү акчалай сум­ма. А‑тын өлчөмү бир айлык акынын эң аз өл­чөмүнөн эсептелет. Адм. жоопкерчилик кодек­си б‑ча А‑тын төмөнкү өлчөмү ал өлчөмдүн 0,1%инен кем эмес, ал эми кызмат адамдары үчүн айлыктын эң аз өлчөмүнөн 2 эседен кем алынбайт. А‑тын жогорку өлчөмү айлыктын эң аз өлчөмүнөн 20 эсе, кызмат адамдары үчүн 100 эседен ашпоосу тийиш. КЖКда А‑тын төмөнкү өлчөмү эң төмөнкү айлык акыдан 20 эсе, эң жогорку өлчөмү 1000 эсеге көбөйтүлүп белгилен­ген. А. негизги жаза катары КЖКнын Өзгөчө бөлүгүнүн нормаларында каралса гана салынат. Эгерде соттолгон адам A‑ты төлөөдөн жүйөөсүз түрдө баш тартса, ал камак м‑н алмашты­рылат.	
К. Эсенканов.