АЙЫП (адат укугу)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
адат укугу б‑ча кылмыш жасаган­дарга бийлер тарабынан чегерилген жазалардын бири. А. негизинен ар кыл кылмыштарда ар кандай өлчөмдө белгиленген. Адат укугу А‑ты жөнөкөй А. ж‑а тогуз А. деп бөлгөн. Жөнөкөй А. бир кара (жылкы же уй), тон (тон, ичик, чепкен, чапан), жандык (кой‑эчки) м‑н төлөн­гөн. Айыпкердин малы болбосо, А‑тан каракүчү м‑н иштеп берип кутулган. Тогуз А. төө башта­ган тогуз, жылкы баштаган тогуз, уй баштаган тогуз деп белгиленген. Айрым учурларда айып­керге үч тогуз же андан да көп А. салынган. Мис., сарыбагыш уруусунун манабы Ниязбек уулу Ормон хандын «Ормон окуу» деген мыйза­мында бирөөнү өлтүрсө «куну» – 300 жылкы, бөлөк бирөөнүн аялын ала качып кетсе -40 жылкы ж‑а уурулугу үчүн -9 жылкы өлчөмүндө А.	салына тургандыгы көрсөтүлгөн. А. үч та­раптын: жабыр тарткандын, манаптын (айрым учурда алар бийлер м‑н катар соттук милдет­терди аткарып, «бийлик» деп аталган салыкты төлөтүп алышкан) ж‑а ишти караган бийдин пайдасына өндүрүлгөн. 
А . Кубатова.