АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – а. ч. өндүрүшүндө трактор, комбайн ж. б. машинелерди ж‑а шаймандарды колдонуу жолу м‑н кол эмгегин механикалаштыруу процесси. Мында жер кыртышын терең айдоо, бир эле убакта үрөн себүү ж‑а жер семирткич чачуу, өсүмдүктөрдү азыктандыруу ж. б. жумуштарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ч. өндүрүшүн механикалатптыруунун негизинде эмгек өндү­рүмдүүлүгү 5‑6 эсе өсүп, күч жумшоо 4 эсе төмөндөйт. А. ч. өндүрүшүндө асма машинала­ры ж‑а шаймандары чиркеме машиналарга ка­раганда көп колдонулат. Анткени асма маши­налар жеңил келип, колдонууга ыңгайлуу. Мын­

да тартуу күчү аз талап кылынат ж-а агрегат тез-тез бурулуп иштөө кыймылы жогору. На­тыйжада күйүүчү май 10-15% ке аз сарпталат. А. ч. м-нун теор. ж-а эксперименттик негизде­рин орус илимпозу ВАСХНИЛдин акад. В. П. Го­ рячкин биринчи болуп түзгөн. Тоют даярдоодо тоют иштетүүчү, таратуучу ж-а сапатын тек­шерүүчү өзү жүрмө машиналар колдонулат. Ме­ханикалаштыруунун эң жогорку түрү – айыл чарба өндурүшүн автоматташтыруу м-н катар электрондук-пландоо ж. б. эсеп-кысап иштери да механикалаштырылат. Ы. Ж. Осмонов.