АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– о. кылымга (12‑к.) таандык арх‑ралык эстелик. Казакстан Респ­нын Жамбыл обл‑нун Тараз (мурунку Жам­был) ш‑на жакын жердеги Айшабүбү айылын­да жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑ж. В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑ж. А. Н. Бернштам, 1953‑ж. Казакстан ИАнын археол. тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чар­чы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) ж‑а бийик, төбөсү кумпа (ка­занбак сымал с алынган). Күмбөз бышкан кыш­тан курулуп, маңдай жагы ар кандай айба­наттардын сүрөттөрү ж‑а оймо‑чиймеленген жа­зуулар м‑н кооздолгон. Айшабүбү белгилүү та­рыхый инсан – Карахандын аялы болгондук­тан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маа­лыматтар да бар. А. к. Казакстан Респ‑нын тарых ж‑а мад‑т эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамл. корукка алынган.	
Ш. Керимова.