АЙХАЛ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Якутиядагы алмаздын ири кени; А. шаарына жакын. 1960‑ж. ачылып, 1961‑жылдан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгачкы запасы б‑ча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоотектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээрлик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанартоотектери, ким
берлит туфтары (калындыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында алмаз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/п), салаты төмөн майда таштар басымдуу (ромбододекаэдр 60%), зергелик калдыгы 25% ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан ашкан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).