АЙ ФАЗАЛАРЫ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүнгөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, А. ф. алмашылып турат. Айдын жаңырышы, биринчи чейрек, толгон ай ж‑a акыркы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырындык м‑н бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн м‑н Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт (к. сүрөт). Эгер Ай жаңырганда, ал Жер м‑н Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, К ү н д ү н
тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт. Мында томпок жагы оң таранта болот. Айдын бул фазасы 1‑чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14 15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай м‑н Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай толгондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башталат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жаты сол тарапта болот. Ай орто эсеп м‑н 29,5306 сутка өткөндө кайра жаңырат.