АЙТЫШ
– акындардын, ырчылардын, чечендердин чыг‑лык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыглыгында өнүккөн жанр, байыртан бери келе жаткан элдик оозеки көркөм өнөрдүн бир түрү. Ал адат‑салт А‑ы ж‑a акындар А‑ы болуп
бөлүнөт. Адат‑салт А‑ына: бадик, кайым, сармерден, кыз‑жигит айтышы ж. б.; акындар А‑ына: алымсабак, табышмак, кордоо, учурашуу, чечен айтыш ж. б. кирет. Пайда болушу ж‑a өнүгүшү жагынан. А. жанры байыркы үрпадат, ырым‑жырымдарга байланышып, эл турмушун кенен чагылткан. А‑тын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга кызмат кылуусун шарттаган. Мис., бадикте адамдар кезек м‑н туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак‑салмак ырдашкан. Жаштардын ой‑санаалары, кубаныч‑эңсөөлөрү кайым айтышууда, сармерденде кенен чагылдырылган. Уруучулук доордо акындар А‑ы кеңири өнүккөн. Бийлөөчүлөр аларды той‑тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкан. Адегенде эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун
артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаандаш уруунун кемчил жактарын ачып, кордоп айтышкан. А. өнөрүнө Токтогул идеялык‑эстетикалык жаңы принциптерди кийирген. Ал чулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турган, учурашуу, элдин көңүлүн ачуу максатын көздөгөн, эзүүчү м‑н эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылткан. Табышмак A‑та акындар бири биринин турмуштук, филос., диний маалыматтарын сынашса, алымсабак A‑та негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Алымкул, Осмонкул сыяктуу акындар А. өнөрүнүн ири чеберлери болгон. А‑тын мазмуну көп учурда адамдардын бейпил турмушун, күжүрмөн эмгеги, тынчтыкты, ынтымакты даңазалоого арналат. Акындар A‑та төкмөлүктүн эң бийик чегине жетет. Кыргыз ад‑тынын тарыхында А. жанрын өнүктүрүүдө Токтогул м‑н Эшмамбет, Же ңижок м‑н Коргол, Барпы м‑н Калык сыяктуу акындардын ролу чоң. Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев, А. Айтпалиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. А. салтын улантуу м‑н алардын ажайып үлгүлөрүн унуттурбай элге алып чыгып келишти. А. – кыргыз оозеки поэзиясындагы акындардын жекеме‑жеке беттешүүсү, «күч сынашуусу», поэтикалык эрөөлү. Анда акындын чукугандай сөз тапкычтыгы, ойду улам тереңдетип өрчүтө билиши, көркөм ой‑жүгүртүүсүнүн масштабы, тереңдиги, о. эле ырдын ыргагына, уйкашына жараттта көркөм сөз каражаттарын өзөз ордуна коё билиши аныкталат. Адатта А. «саламдашуудан» башталат. Буга «Токтогул менен Барпынын», «Барпы менен Жеңижоктун учурашуусу» мисал. Жеңижок м‑н Эсенамандын поэтикалык кездешүүсүндө жер‑суу, тоо‑таш, жаратылыш көркү, аалам, ай‑күн, жашоо‑тиричилигинен баштап, дүйнөнүн жаралыш сырына чейин камтылат. Азыр А. элдик турмушту кеңири чагылткан публ. салтанаттуу трибу нага айланды. Форма жагынан А. салмактуу келип, майрамдарда, театр сахналарында акындык күч сынашуу м‑н аткарылат, ал радиоуктуруу, телекөрсөтүү, басма сөз аркылуу тарайт. Бири бирин ыктуу чымчышуу, жылдырма какшык, азилдүү тамаша, юмор, шакаба, сын, баа берүү, эбине келтире айтылган калп ж. б. А‑тын беделин көтөрөт. Бүгүнкү күндө бул өнөр жанданып, респ‑нын эл артисттери айтылуу акындар: А. Айталиев ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшү; төкмө акындардын респ. айтышы (2001, 2002); Ш. Шеркулов ж‑a М. Баетовдун 100 жылдыгына карата Таласта өткөн төкмө акындардын эларалык айтышы; А. Айталиевдин мааракесине (75) арналган төкмө акындардын эларалык айтышы; Казыбектин 100 жылдык мааракесине арналып, Ат‑Башы жергесинде өткөн акындардын респ. айтышы; Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Бишкек ш‑нда өткөн (2003) төкмө акындардын эл аралык айтышы; «Жеңижоктун кут жылдызы» аттуу алтын төш белгиге арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы; улуу акын Токтогулдун 140 жылдыгына арналган респ. төкмө акындар айтышы кыргыз ад‑т тарыхында баа жеткис мурас болуп саналат. О. эле кийинки муун өкүлдөрү Э. Иманалиев, А. Кутманалиев, Ж. Токтобеков, М. Керим кызы, А. Нуралиев, Азамат Таалай, А. Туткучев, Ж. Алыбаев, Ш. Адылов ж. б. жаш акындар эл сыймыгына айланды.
Ад.; Таштемиров Ж. Айтыш тар. «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» китебинде. Ф., 1973; Айтыштар. Ф., 1973.
А. Обосканов.