АЧЫК-ТАШ КҮКҮРТ КОЛЧЕДАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:08, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Талас р-нунда, Талас ш-нан 28 км түн.-батышта, деӊиз деӊг. 1800‒2000 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. эл илгертен эле кенден алынган күкүрттөн дары жасаган. 1945‒55-ж. СССР хим. өнөр жай министирлигинин «Средазгеохим разведка» трести чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагы протерозойдун өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланецтеринен түзүлгөн. Кенде колчедандын (пириттин) калыӊдыгы 400 м ж-а уз. 2 км болгон 2 зонасы бөлүнгөн. Кенташта (рудада) пириттин өлчөмү 30‒95%. Кенташтан күкүрт к-тасын алууга болот. Бекитилген күкүрттүн запасы: В категориясы б-ча 493 миӊ т, С1 ‒ 1729 миӊ т, С2 ‒ 976 миӊ т.