АЧЫК-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:47, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталында. Кызыл-Суунун сол куймасы Ачык-Суунун алабынан орун алган. Уз. 8,3 км, аянты 10 км2, абляциясынын аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5680 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Тик капталдарда жаткан фирн ж-а кар массасы ылдый карай жайык мульдага жылып түшүп, андан мөӊгү агымы түн.-чыгышка карай жылат. Этегинин 4,1 км2 аянты мореналар м-н капталган. Мөӊгүдөн аты уйкаш суу агып чыгып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.