«АК ТЕРЕК-КӨК ТЕРЕК»
11:20, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
‒ балдардын жигердүүлүктү талап кылган оюну. Чогулган балдар, кыздар болуп эки тарапка бөлүнүп, маӊдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашып турушат. Тутум б-ча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн м-н «Ак терек-көк терек, бизден сизге ким керек?» дешет. 2-тарап бирөөнүн атын атайт. Аты аталган бала же кыз катуу күү м-н жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракет кылат. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгер кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын аз тобун өз тарабына алып кетет. Ушундай эле аракетти 2-тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот. Бул оюн азыр деле балдардын арасында ойнолуп жүрөт.