АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ
15:37, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– КРдин Конституциясында каралган, жогорку юрид. күчкө ээ экол. укуктун негизги жоболору. КРдин Конституциясы б‑ча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу ж‑а жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, о. эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарын ж‑а тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамдын эркиндиктери ж‑а укуктары, табият ресурстарын туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экол. коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. КРдин Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамл. саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин ж‑а укуктарын, менчиктерин сактоону камсыздайт. А.-ч. к. к. н. КРдин айлана‑чөйрөнү коргоо ж‑дөгү, экол. экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атм‑ны коргоо ж‑дөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укуктук актыларда белгиленген.
А. Чоров.