АЖЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:17, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 х а д ж ж, а л‑х а д ж ж (ар. сы­йынуу, зыярат кылуу) – мусулмандардын беш парзынын бири – Мекеге зыярат кылуу. Ар бир мусулман баласы өз өмүрүндө бир жолу Мекеге тайынып кетүүсү парз,- деп айтылат Куранда. Зыяратчылар зу‑л‑хижжа айынын 7синде Мекеге келишип, тазалануу каадасын (ихрам) ат­карышат. Даарат, о. эле чач‑тырмакты алышып, андан соң эки ак кездемеден турган атайын ки­йим (бирин белден ылдый оронот, экинчисин далысына жамынат) кийишет. Эркектер жылаң­баш, аялдары башын чүмкөшүп, бутуна сандали кийишет. Зыяратчы ихрам абалына жеткенден кийин Аллага кайрылып: «мына мен сенин алдыңдамын! Сага теңдеш эч ким жок! Сенин кудуретиңе, ырайымдуулугуңа даңк!» деп, зыя рат кылуучу жайга кирип бара жатканда ай­тып турат. Зыяратчылар Кааба ташка сыйы­нып, кийинки күнү батыштан чыгышка карай созулган анча чоң эмес Мина ж‑а Муздалифа өрөөндөрү аркылуу Арафат өрөөнүнө жол тар­тышат. Алардын бир бөлүгү зу‑л‑хижжанын 8инен 9уна караган түндү Мина өрөөнүндө, кал­гандары Арафатта өткөрүшөт. 9унда түш ченде А‑тын негизги каадасы – Арафат тоосунун этегинде туруп, күн батканга чейин хутб угушат, сыйынышат. Күн баткан соң, жүгүрүп отуруп Муздалифа өрөөнүнө жетип, мечитте кечки ж‑а түнкү намаз окулат. Эртеси зыяратчылар Минага келишип, ар бири Муздалифадан терип алган жети майда таш м‑н үч мамынын акыр­кысын (Мухаммед пайгамбардын жолун тоскон Ибилис деп эсептелген) урушат. Андан кийин ошол эле жердеги соодагерлер ж‑а бедуиндер­ден сатып алышкан жандыктарды курмандык­ка чалуу башталат. Бул күн курман айт деп аталат ж‑а жалпы мусулмандар үчүн улуу май­рам катары саналып, бардык жерде белгиленет (к. Айт). Зыяратчылар А‑тын акыркы каадасы – тавафты (Каабаны айланып сыйынуу) ат каруу үчүн Мекеге жөнөшөт. Зу л‑хижжа айы нын 11–13үндө Мина өрөөнүндө кайрадан кур­мандыкка чалуу улантылып, ал жердеги үч мамыны тең ташбараңга алышат. Зыярат кылуу мезгилинде соода кылууга, кан төгүүгө, жыныстык катнаш жасоого, чач, сакал‑мурут алууга, парфюмерия пайдаланууга тыюу салынат. А‑ка барып, анын бардык расмисин аткар­ган адамды ажы деп аташып, жашыл селде ча­лынганга уруксат берилет. Мусулмандардын 
карым‑катнашы ж‑а идеол. биримдиктин бир көрүнүшү катары А‑тын мусулман дүйнөсүндө тарыхый‑маданий ж‑а социалдык‑саясий мааниси
өтө зор. Бүгүнкү күндө да А. өзүнүн идеол. ж‑а саясий маанисин сактап келүүдө.
                                                                                                               Т. Абдылдабеков.