АЖАЛ
22:47, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(ар. – өлүм, тиричиликтин бүтүшү) – адамдын жарык дүйнөдөгү тиричилигинин акыры; денедеги зат алмашуунун түбөлүк токтошу. А. түшүнүгү адам баласынын өмүрүн Алла кудурети м‑н белгилеп койгон адамдын өмүрү деген эзелки ишеним түшүнүктөрдү да камтыйт. «Тагдыр», «Маңдайга жазылган», «жазмыш», «пешене» сыяктуу сөздөр ошонун далили. Эл ичинде айтылып жүргөн «ажал жолу чилдин арышынан кыска», «ажалды оозуна тиштеп», «ажалсыз пенде жок», «ажал жетпей өлмөк жок» деген сөздөр А. м‑н тагдыр түшүнүктөрүнүн ортосундагы байланышты түшүндүрөт. Дүйнө тааным аркылуу караганда тиричиликтин маанилүү шарттарыньш бири.