АДЫЛ баатыр

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:44, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Субан уулу, Адыл баатыр (болжолу 1815/20–1860) – 19‑к‑дын орто ченинде­ги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрө­сүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз беги­нин» бири болгон. А. Ормон ханда аскер баш­чысы катары кызмат кылып, баатыр атка кон­гон. 1847‑ж. Кенесары Касым уулунун баскын­чылык м‑н келген колуна каршы согушта көр­сөткөн эрдиктери м‑н белгилүү болгон. 1855–59‑ж. бугу м‑н сарыбагыш урууларынын чабы­шына катышкан. Орус бийлигине моюн сунба­гандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошуу­ну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткун­далып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
Р. Жолдошов.