АСЫЛ ЖАНА КООЗ ТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:28, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ табиятта сейрек ж-а аз өлчөмдө кездешүүчү кымбат баалуу минералдар м-н тоо тектер. Алардын баалуулугу табиятта сейрек учуроосу, издөө ж-а казып алуу үчүн көп жумуштун сарп кылынышы, кырдап жылмалоонун кымбаттыгы, о. эле ар бир таштын өзүнө тиешелүү сапаты, өлчөмү, бир түрдүүлүгү, өӊүнүн кооздугу д. у. с. белгилери м-н аныкталат.

А с ы л т а ш т а р г а түссүз же өӊү кооз, тунук, жалтырак, катуу ж. б. касиеттерге ээ минералдар, көбүнчө алардын кристаллдары кирет. Баалуулугуна жараша 3 класска бөлүнөт: алмаз, сапфир, рубин, изумруд, александрит, хризоберилл, асыл шпинель, эвклаз ж-а бермет (1-класс); топаз, берилл (аквамарин, воробьевит, гелиодор), кызгылт турмалин (рубеллит), фенакит, демантоид (урал хризолити), аметист, альмандин, пироп, уваровит, хромдиопсид, циркон (гиацинт, сары ж-а жашыл циркон), асыл опал (2-класс); бирюза, жашыл турмалин, кордиерит, сподумен (кунцит), диоптаз, тоо хрусталы, күӊүрт кварц (раухтопаз), ачык аметист, акак таш (сердолик), гелиотроп, хризопраз, чала опал, агат, талаа шпаттары (күн таш, ай таш), содалит, пренит, андалузит, диопсид, гематит (кровавик), пирит, рутил, янтарь, агат (3-класс). Акыркы класстагылардын чандасы гана жогору бааланып, көпчүлүгү чала асылташ деп да аталат.
К о о з т а ш т а р г а ири көркөм кооздук (ваза, столещница, там боорунун панносу, мозаика ж. б.) оюу-чийүү орнаменттөө ж-а арх. көркөмдөө иштеринде, о. эле тех. пайдалануучу чала жалтырак (яшма, нефрит, малахит ж. б.) кооз оймо-чиймелери бар, көбүнчө тунук эмес минералдар м-н тоо тектер кирет. Алар 3 класска бөлүнөт: нефрит, жадеит, лазурит, содалит, главколит, амазонит, лабрадор, орлец (родонит), малахит, авантюрин, кварцит (белоречит), күӊүрт ж-а кызгылт кварц, халцедон (перелифт, празем), агат, яшма, везувиан (калифорнит), жазуу гранити (1-класс); серпентин (змеевик), агальматолит, стеатит, селенит, ангидрит, обсидиан, мрамор оникси (чыгыш оникси), флюорит, таш туз (2-класс); гипс, алебастр, мрамор, порфир, брекчиялар, кварцит ж. б. (3-класс).
Кээ бир асыл таштар жасалма ж-а синтетикалык жол м-н алынат. Мис., алмаз, изумруд, корунд (сапфир, рубин), шпинель, түссүз рутил. А. ж-а к. т-дын кендери темир м-н магнийге бай магмалык тоотектерде (алмаз, циркон, пироп ж. б.), минералдуу суунун чөгүндүсүндө (опал, тоо хрусталы, аметист, агат ж. б.), метаморфизмделген тоо тектерде (рубин, сапфир, лазурит, гранат ж. б.) кездешет. Айрым асыл таштар орг. жол м-н пайда болот (бермет, акак, янтарь). А. ж-а к. т-дын кендери КМШ өлкөлөрүндө Урал (алмаз, яшма, малахит, мрамор, изумруд, топаз, аметист, бирюза, александрит ж. б.), Алтай (яшма), Байкал (лазурит), Чыгыш Саян (нефрит), Сибирь (мрамор, агат, халцедон, тоо хрусталы, аквамарин), Кавказда (мрамор, халцедон), Калининград обл-нда (янтарь), О. Азия (мрамор, тоо хрусталы) ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда роговик (Сулуу-Таш), аквамарин, изумруд (Күмүштаг), яшма (Арчалуу), мрамор оникси (Дөрө), мрамор (Арым) сыяктуу кооз таштардын кендери бар. Асыл таштар негизинен ювелирдик, кооздук-көркөмдөө иштеринде ж-а техникада колдонулат (к. Алмаз). Рубин м-н сапфир саат жасоодо ж-а так механизмдерде, тунук кварц, турмалин атайын оптикалык приборлордо, радио өнөр жайларында пайдаланылат. Агат, халцедон так таразалар м-н өлчөө куралдарынын айрым тетиктерин жасоого керектелет. А. ж-а к. т. илгертен эле үлүлдүн кабыгы, сөөк, мүйүз өӊдүүлөр м-н бирге мончок, тумар, шакек, билерик ж. б. үчүн кеӊири пайдаланылган. Азыр да алар майда пластика иск-восунда (глиптика, көркөм оюу, скульптура), мебелдерди инкрустациялоодо, вазалар м-н кутучалардын, шкатулкалардын бетин, бычак, айры, кашык ж. б-дын саптарын кооздоп жасоодо кеӊири пайдаланылат.

Ад.: Ферсман А. Е. Очерки по истории камня. Т. 1. М., 1954; Петров В. С. Драгоценные и цветные камни. М., 1963; аль-Бируни-Абу Рейхан Мухаммед ибн-Ахмед. Собрание сведений для познания драгоцен ностей (Минералогия). Л., 1963. Осмонбетов К. О. Асылташтар. Б., 1998.

К. Осмонбетов.