АЛМАЛЫК
Jump to navigation
Jump to search
‒Жети-Суу аймагындагы о. кылымга таандык шаар. Иле суусунун боюнда, азыркы Кытай Эл Респ-сынын Синьцзян Уйгур автономиялуу обл-нун аймагынан орун алган. Биринчи жолу 13-к-дын башталышында эскерилет. Ал мезгилде А-ты каӊгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал Чынгыз хан м-н найман канзаадасы Күчлүккө каршы союз түзгөн. Күчлүк Озарды аӊ уулап жүргөн жеринен кармап алып, шаарды камоого алган, бирок монгол аскерлери жакындап келгендик тен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чынгыз хан А-ты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу м-н асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр эки араба жанаша өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан А-ка чейин бир күндүк жол болгон. Монголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эӊ маанилүү соода жолу өтүп, А-тын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318‒26) улустун борбору А-тан Мавераннахрга көчүрүлгөн. 1335-жылдан кийин А. кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган, о. эле чагатайлар ээлеген аймактагы хандар жашаган негизги шаарлардын бири болгон. 1338‒39-ж. А-та Европадан келген католик миссионерлеринин ж-а жерг. будда жрецтеринин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү курула баштаган. 1340-ж. христиандарды куугунтуктоодон улам А-тагы алардын ишмердиги токтогон. 14-к-дын 2-жарымынан А. Моголстан мамлекетинин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348‒63) сөөгү А. шаарынын жанына коюлуп, күмбөз тургузулган. Эмир Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынан кийин (1357, 1383, 1390) А. шаары кыйраган. 1950-ж. кытай археологу Хуан Вэнби ж-а соӊку жылдарда Синьцзян тарых музейинин археол. экспедициясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, чопо ж-а фарфор идиштери, о. кылымдарда өзгөчө баалуу Кытайдын селадон фарфор идиштери, Чагатай улусунун алтын, күмүш теӊгелери, металлдан жасалган турмуш-тири чилик буюмдары, эмгек куралдары, түрк тилиндеги несториан эстеликтери ж. б. табылган.
Т. Асанов.