АСТЕРОИД-КОМЕТА КОРКУНУЧУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:19, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ космос телолору м-н Жердин кагылышуу коркунучуна байланышкан түшүнүк. 1980-ж. киргизилген. Жерге жакын учуп өткөн биринчи астероид (Аполлон) 1932-ж. ачылган. Азыркы убакта мындай астероиддер көп байкалууда. Асман телосу м-н Жердин кагылышуу коркунучу бар экендигин Жерде табылган кратерлер (жанар тоонуку эмес) айкындап турат. 65 млн жыл мурун мезозой м-н кайназой эрасынын ортосунда Жердеги тирүү организмдердин үчтөн экиси, а. и. динозаврлар кырылып жок болгон. Мунун себебин окумуштуулар астероид же ядро диаметри 10 км болгон комета м-н Жердин кагылышы Юкотан ж. а-ндагы (Мексика) Чиксулуб кратери деп эсептешкен. Анын диаметри 180 км, 64,98±0,04 млн жашта болгон. 20-к-дагы   маанилүү кагылышуу 1908-ж. 30-июнда Таштуу Тунгуска дарыясынын жээгинде болуп, Жер үстүнө түшкөн асман телосунун жарылуу кубаттуулугу 10 Мтны түзгөн. Азыркы убакта Жер м-н астероиддин кагылышуу коркунучу бар. Ал эми кометалар м-н кагылышуунун ыктымалдуулугу 1%. Диаметри 1 кмден чоӊ асман телолору 500 миӊ жылда 1 жолу Жер м-н кагылышканда глобалдык кыйроо болушу мүмкүн. Күн системасындагы 1200 асман телолору Жер м-н кагылышы ыктымал. Кичине кометалар Жер м-н кагылышканда региондук же жерг. табигый кыйроого учуратат, эгерде ал жерде атом электр станциясы, хим. өнөр жай болсо өтө коркунучтуу.