ААРЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:36, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
,аары душмандары– аарыга ж-a аары чарбачылыгына зыян келтирүүчү жандыктар. Алар 2 топко бөлүнөт:уюкта жашап, аарыга ж-a анын азыктарына мителик кылуучу; 2) бал челекте же ал жайгашкан жерде жашап, ага кол салуучу жырткычтар. Аары мителери: амёба, грегарина, нозема, ак курт, кене, жумур баш, канатсыз чымын, кычы доңуз, аары бити. Булар аарынын денесине жабышып, мителик кылат. Уюк мителери: момчу, гүлчаңчы, эмерекчи ж-a үй күбөлөрү,кыпчуур, тарпчы, теричи, анткор коңуз, аары кенеси. Алар көбүнчө уюктагы бал, мом, гүл чаңын жейт. Аары жырткычтарына карышкыр аары, заардуу шимикчи аары, аңчы чымын, кумурскалар, жөргөмүштөр, чычкан, аарычыл куш, сары аарычыл, ийнеликтер ж. б. кирет. Айрым учурда аюулар да аары уюгун талкалап, балын жеп кетет. А. з. мех., хим. ж. б. жолдор м-н жок кылынат.