АЙРАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – сүттөн уютулуп жасалган эзелки ак азыктарынын бири. Ал кой, эчки, уй ж‑а топоз­дун сүтүнөн уютулат. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, А. уюткан учурлар да кезигет. Бышырылган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уют­ку (айранга кичине сүт кошуп, чалат) куюп, идишти жылуулап жаап, уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн орунтуктуу жерге 4–6 саат коюшат. А‑дан сүзмө, сүзмөдөн курут жасалат. А‑га жаңы саалган чийки сүттү кошуп аралаш тырып, бир ууч талкан чалса «коютмак», тар тылган сүт уютулса көк айран, сорпого кошул­са – ак серке, талкан же таруу кошулуп уютулса аш айран, суу кошсо чалап деп аталат.