АЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (өз аты‑жөнү Садриддин Саид‑Муродзо­да) [15 (27). 4. 1878, Сактари кыш., Гиждуванга жакын – 15. 7. 1954, Дүйшөмбү] – тажик ад‑ты­нын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги. Бухарадагы мед­реседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик
АЙНИ60.png

элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн та рыхый жолу сүрөттөлгөн.
Ал «Сүткордун өлүмү»
(1939, 1952) повестинде ач­көз сарандын образын бер ген. Улуу Ата Мекендик со гуш мезгилинде курч публ. мак ал алар м‑н тарыхый­көркөм очерктерди (мис.,
«Мукананын көтөрүлүшү»)
жазган. 1948‑жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1‑4‑китеп, 1949‑54; СССР мамл. сыйл., 1950). Азия элдеринин тарыхы ж‑а филологиясы б‑ча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмир­леринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фир доуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил ж. б. ж‑дө очерктердин ж‑а монографиялардын автору. А‑нин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, а. и. кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3‑4‑шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени м‑н сыйланган.
Ад.; Брагинский И. С. С. Айни. М., 1978.