АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айы­лы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, ре жиссёр, казак профессионалдык киноискусство­

суна негиз салуучулардын бири. СССР эл арт. (1959),
Казак ССР мамл. сыйл.
(1965), СССР мамл. сыйл.
(1968, 1979) лауреаты. Се­мейдеги мугалимдер пед­техникумунда окуп жүр­гөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакыры­лып, 1933‑ж. кабыл алын ган. Театр сахнасында Коб­ланды (М. Ауэзов, «Коб­
ланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш ­Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Ал­дар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүрөв, «Исатай ­Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Ти хон (А. Островский, «Таланттар м‑н табынуу­чулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добу­шу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Пет­руччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сах­нага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма теарынын башкы реж. болгон. Ал койгон «Абай» спек­таклине СССР мамл. сыйл. берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн А. кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары м‑н эл арасында бо луп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Ло рен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-

АЙМАНОВ59.png

жылдыздар м‑н жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» сту­диясынын көркөмдүк жагын башкаруу м‑н ка зак киноөнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзу­нун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия ж‑а Африка элдеринин ж‑а Москва ш‑нда өткөн эларалык кинофести­валдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу филь­ми 1967‑ж. Дүйшөмбү ш‑нда өткөн Казакстан ж‑а О. Азия республикаларынын эларалык фе­стивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Маха­бат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Атамекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атаман­дын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м‑н сыйланган. Алматы ш‑нын бир көчөсүнө (1972) ж‑а «Ка­закфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө ж‑а киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: Сиранов К. Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; Кенжетаев К. Даркан­дарын. А.-А., 1975; Беркович М. Шакен Айманов. А.-А., 1976. Н. Жылдызова.