АЙЛАНМА ПРОЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 термодинамика­лык цикл – бир нече өзгөрүүлөрдөн кийин системанын термод. параметрлеринин баштап­кы маанисине кайрылып келиши. Эгерде, сис теманын термод. абалы эки параметр (мис., Р

басым ж‑а көлөм V) м‑н аныкталса, анда коор­динаталары р, V (термод. параметрлер) болгон тегиздикте А. п. туюк сызык (цикл) м‑н сүрөт­төлөт. Система А. п‑ке катышып, жалаң тең салмактуу абалды басып өтсө, тең салмактуу А. п. деп аталат. А. п‑ке термод‑нын 1‑башта­лышы (закону) 5Q=AU+5A колдонулса, U1=U2 болгондуктан Ди=0 болот. А. п‑те системанын аткарган жумушу, анын ар бир бөлүгүндө сырт­тан алган ж‑а сыртка берген жылуулуктун алг. суммасына барабар. Ошентип система сырттан алынган жылуулукту мех. жумушка айланды­рат. Ал түз А. п. деп аталат. Бардык жылуу­лук машиналары жылуулукту мех. жумушка айландырат. Ал эми тескери А. п‑те мех. жу­муш жылуулукту муздак нерседен ысык нерсе­ге өткөрөт. Бул процесс муздаткыч агрегаттар­да кеңири колдонулат.