АЙЛАМПА
Jump to navigation
Jump to search
ирим, айланкөчөк – дарыянын же деңиздин үстүнкү бетиндеги ай рым жерлерде суунун имерилип оргуп агышынан пайда болгон ирим. А. көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, о. эле суу нугунун кескин жайылып кетер алдында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын ж‑а тартылуу толкундарынын, о. эле карамакаршы агымдардын кошулган жерлеринде жаралат. А‑нын диаметри бир нече смден, океандарда бир нече кмге жетет.