АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – жал пы айдоо аянтында ар бир а. ч. өсүмдүгүнө туу ра келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал а. ч. өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистешти­рилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба б‑ча которуштуруп айдоо жерге ж‑а топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлү нөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пай­даланууга шарт түзүлөт. А. а. с‑нын башкы милдети – айдоо бирдигинен ж‑а которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо струк­турасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын эко­номикасына ж‑а техника м‑н камсыз болу­шуна жараша түзүлүп, ил. жактан негизделип, А. а. с. которуштуруп айдоонун негизин тү зөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюш туруу ж‑а рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз бо-

лушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пай­даланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.