АЙДАРКЕН СЫМАП КЕНИ
Баткен обл‑нун Кадамжай р‑нунда. Пүлгөн кыш‑нан түш.-батыш тарапта, Эшме тоосунун түш. капталында. Кен археол. маалыматтар б‑ча элге 10–11к‑дан белгилүү деп божомолдонот. Кен ж‑дө алгачкы геол. маалымат 1926‑ж. берилген. Геол. чалгындоо жумуштары 1928‑жылдан үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Натыйжада Айдаркен кен талаа-
сынан 20дан ашык бөлүк табылган. Кен аймагын силур, девон ж‑а карбон мезгилдеринде пай да болгон кумдук, сланец, акиташ тектери, юра, бор мезгилдеринин чопо, кумдук, конгломераттары түзөт. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушар ланып, тектон. жаракалар м‑н тилмеленген. Бул структуралык түзүлүштөр диабаз‑порфирит ж‑а сплит дайкаларынын жиреп чыгышына шарт түзгөн. Тоо тектер гидротерм эриндилеринен өзгөрүүлөргө учураган. Сланец м‑н акиташ тектеринин кошулган жерлеринде сымап, сурьма, флюорит, мышьяк кенташтары (рудалары) топ толгон кабат түрүндөгү жаспероиддер пайда бол гон. Кендин курамында 70тен ашык минерал кездешет. Негизгилери: киноварь, метациннобарит, сфалерит, галенит, антимонит, арсено пирит, аурипигмент, ковеллин, флюорит, пи рит ж. б. Кендин өнөр жайлык мааниси чоң, ал дүйнөдөгү ири кендерден. Көп жылдан бери ка зылып алынууда. Анын базасында «Айдаркен сымап комбинат» АКсы иштеп жатат. Сымаптын орт. өлчөмү 0,165%. Кенташтын Сг + С2
категориясы б‑ча запасы 12714 миң т. Сымаптын запасы 20936 т, сурьманыкы 113 миң т,
флюориттики 1143 миң т.