АЙДАРКЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Хайдаркен – Баткен обл‑нун Кадамжай р‑ндагы шаар (2012‑жылдан). Ал Ай­даркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганы­на байланыштуу 1942‑ж. отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңг. 1980 м бийиктикте, Кызыл‑Кыя – Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш‑нан 45 км түш.-батыш, облустун борбору Баткен ш‑нан 55 км түш.-чыгыш тарапта. Калкы 12 миң (2015). «Айдаркен сымап ком бинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто

мектеп (кыргыз, орус ж‑а тажик тилдеринде), муз. мектеп, 4 китепкана, оорукана, мед. үй­бүлө борбору, дарыкана, мад‑т үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.