АЙДАРАЛИЕВ Акматбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Акматбек (1916, Чүй обл., Аламүдүн р‑ну, Кайырма кыш. – 1987, Фрунзе ш.) – медицина илимд. доктору (1959), проф. (1960). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1948). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери. Таш кент медицина ин‑тун бүтүргөн (1939), ошол эле жылдан Нарын обл. саламаттык сактоо бөлүмү­нүн, Пржевальскидеги шаардык поликлиника­нын башчысы (1941‑43), Кыргыз ССР Саламат тык сактоо министринин орун басары (1947‑50), КММИнин директору (1952‑55), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри (1960‑63), 1963­жылдан КММИде кафедра башчысы болгон. Анын ил.-из. иштери көз ооруларын ж‑а сала маттык сактоонун тарыхын, санитария масе­лелерин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордени ж‑а медалдар м‑н сый ланган.

Эмг.: Кыргызстандын саламаттык сактоо ишинин негизги өсүш этаптары. Ф., 1958; Библиографиче ские материалы по здравоохранению и истории Киргизии.Ф., 1962; Советтик Кыргызстанда саламаттык сактоонун өсүшү. Ф., 1970.