АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ
Jump to navigation
Jump to search
– б. з. 1–5‑к‑ында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн урууларга таандык археол. эстелик. Нарын ш‑нын ба тыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийикт. 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү м‑н казанактуу ж‑а жарма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюл ган. Көрүстөндөн карала, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты м‑н кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен.
1954‑ж. А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.