АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Leucopoa) – дан өсүмдүктөр ту­кумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталык­тары, экинчисинде энеликтери ж‑а мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 жге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кырг‑ндын бий ик тоо кыркаларынын шагыл‑таштуу жерлерин­де 2 түрү кездешет. Топ гүлү – татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жал бырактары түшпөйт, кышында кой‑эчки, жыл кы оттойт, бирок анын түбүндө ала курттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондук­тан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. О. Азияда, Ы. Чыгышта өстүрүлөт. Кырг‑ндын түштүгүндө эгилет.

Э. Б. Капарова.