АЙБОЛЧО АПАТИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Талас обл‑нун Ма-

нас р‑нунда, Арал кыш‑нан 4 км аралыкта, де-
ңиз деңг. 1200‑1370 м бийиктикте. Апатит ми-
нералдашуусу соңку протерозой мезгилинде пай-
да болгон горнблендит массивинде чачыранды
түрдө кездешет. Апатиттин уя сымал топтолу-
шунун көлөмү 1‑2 смден 2,5 смге чейин. Пайда-
луу аянттын уз. 900 м, туурасы 65 м, запасын
эсептөөнүн тереңдиги 100 м. Апатиттин (фтора-
патиттин) орточо өлчөмү 4,41%. Фосфордун беш
окисинин өлчөмү бороз сынамыктарында 1,27—
3,68%. Эки технол. сынамыкты изилдөөнүн
негизинде 32,48% өлчөмүндө фосфордун беш
окисинин сапаттуу концентраты алынган. Апа-
тит кенташын агрохим. сырьё катары пайда-
ланса болот. Болжолдуу кенташ (руда) ресурсу
17,5 млн т, фосфордун беш окиси 0,35 млн т.
Кен ачык казып алууга ыңгайлуу.