АЙБАНАТТАР СТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – байыркы темир доо рунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мү нөздүү. Археол. илиминде А. с. деп б. з. ч. 1­миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көч мөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түш. Сибирде, О. Азияда ж‑а Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реал­дуу ж‑а мифологиялык айбанаттардын турпат­тарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (то-
Колодон жасалган букалар (б. з. ч. 5­3 к., Ысык‑Көл өрөөнү, Челпек айылы).

темизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.). Адамдар ошо­лорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап, тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жа­ныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазар­ларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, о. эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, курал­дарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүл­гөн. Кырг‑нда А. с‑не таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.
К. Табалдиев.