АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
-Айды изилдөөгө арналган космостук аппарат. Аны м‑н Айдын кыртышы, андагы физ. шарттар изилденет ж‑а ар түрдүү ил. аппараттар, Айдын сүрөтүн ж‑а байкоонун натыйжаларын Жерге берип туруучу радиотелеметрдик, телекөрсөтүүчү системалар м‑н жабдылган. Станция нын түзүлүшү, анда орнотулган аппаратуралар Айда иштөөнүн өзгөчө шарттарына ылайыкталат. «Луна‑9» планета аралык автоматтык станциясы дүйнөдө биринчи болуп 1966‑ж. 3февралда Айга кондурулган. Кийин «Луна‑13» (21. 12. 1966), «Луна‑16» (12. 9. 1970), «Луна‑17» (17.11.1970), «Луноход‑1» ж‑а амер. «Сервейер‑1», «Сервейер‑7» планета аралык автомат тык станциялары ийгиликтүү учурулган.