АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ ТОҢДУРУП КУРГАТУУ
Jump to navigation
Jump to search
с у б лимация– азык‑түлүктөгү музду (нымды) суюктукка айландырбастан, түз эле буулантуу процесси Азык‑түлүктөгү ферменттерди, витаминдерди ж‑а түрдүү экстракт заттарын сактап калуу үчүн аны тоңгон абалда кургатуу талап кылынат. Бул процесстин жүрүшүндө азык‑түлүк 0°С темп‑рада, 4,5 сым. мам. ммте барабар басым астында тоңдурулуп, анан түз эле бууландырылат. Мындай азык‑түлүктүн даамы, түсү бузулбастан көпкө сакталат. Бул ыкма тамакаш өнөр жайында, биологияда ж‑а медицинада колдонулат.