АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна
Jump to navigation
Jump to search
Эмилия Кулиевна (29. 10. 1935, Фрунзе – 29. 12. 2003, Бишкек) – география илимд. доктору (1994). 1958‑ж. М. В. Ломоно сов атн. Москва мамл. ун‑тинин география ф‑тин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз ССР ИАнын Тянь‑Шань бийик тоолуу физ. география станциясында лаборант, жетектөөчү ил. кызматкер болуп иштеген. 1989‑жылдан Кыргыз ССР ИАнын Геология ин‑тунда лаборатория башчысы. Палеогеография, физ. география, ландшафт таануу б‑ча 90дон ашык ил. эмгектин, а. и. 5 монографиянын авторлошу. Анын эмгектери Москва, Санкт‑Петербург ж. б. шаарлардан жа рык көргөн. «Кыргызстандын аймагынын лан дшафты» ж‑а «Жаратылышты коргоо» карталарынын автору.
Эмг.: Особенности формирования современных споровопыльцевых спектров Иссык‑Кульской котло вины. В кн. Физическая география Прииссыккулья. Ф., 1970 (соав.); Озеро Иссык‑Куль (очерки по фи зической географии). Ф., 1978 (соав.); Атлас Кыр гызской ССР. Т. 1., Раздел «Ландшафты». М., 1987; ККИПР (космос). Ландшафтная карта. Масштаб; 1:500 000. М., 1989. С. М. Ахмедов.