АЗОТ
Jump to navigation
Jump to search
(Nitrogenium), N – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган хим. элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз ж‑а даамсыз газ. Аба дан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 кг/м3.1772‑ж. Д. Ре зерфорд ачкан. Жаратылышта эркин ж‑а кошулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04% ин түзөт. Эркин А. абанын 78,16% курамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 1617%ин түзөт. Таза A‑то жаныбарлар жашай ал байт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек эле мент. Кычкылтекке Караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек ж‑а кычкылтек м‑н кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) ж‑а 15N (0,365 %) бар. Анын молекуласы бири‑бири м‑н коваленттик үч байланыш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошондуктан молекуласы хим. жактан туруктуу, жо горку темп‑рада гана металлдар м‑н нитриддерди, кычкылтек м‑н азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек м‑н катализатордун катышуусунда NH3ty пайда кылат. Галогендер м‑н реакцияга түздөн‑түз кирбейт. А. лабор‑да аммоний нитритин жогорку темп‑рада ысытуудан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу м‑н алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот к‑тасын, жер семирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда колдонулат. Эркин А. хим. ж‑а металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометрлердин боштук аралыгын толтуруу ж‑а төмөнкү темп‑pa алууда пайдаланылат.