АЗОБИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – молекуласында “азо» ­N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал м‑н байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы форму­ласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси али­фаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең аро маттык радикалдардан турган А. кеңири тарал ган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, о. эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перман ганат м‑н калыбына келтирүүдөн алынат. Аро маттык А. түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдар­дын түрүнө ж‑а орун алмашуу мүнөзүнө, алар дын санына байланыштуу. Булар маанилүү азо боёкторду синтездөөдө колдонулат.