«АЗИЯИНФО»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (англ. ASIAINFO) – Cisco Systems, АРС, ИНФОТЕЛ (Россия) компанияларынын официалдуу партнеру. Маалыматтан пайдала­нуу кызматын 1994‑жылдан баштаган. Маалы­маттарды жөнөтүү б‑ча кызмат көрсөтүүнүн спут ник байланышынын Жердеги станцияларын эк­сплуатациялоо, телематикалык кызматтан пай­далануу б‑ча уруксаты ж‑а лицензиясы бар. Компаниянын жамааты жогорку технол. сис­темаларды колдонууга жөндөмдүү, эл аралык стандартка туура келген жогорку технол. кыз маттан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн ишке аптыра алган кесип ээлери катары таанылды. Мекеменин башкы адистери Simens (EWSP тар­мактар системасы), N.E.T. (IDNX тармактар системасы), SUN Microsystems Ins компанияла рынын квалификациялык сертификаттарьша ээ болушкан. «А.» тармагы Ошто, Жалал‑Абад­да, Кара‑Балтада, Караколдо жайылтылып иш­теп жатат. Компания сырткы дүйнө м‑н байла­нышка чыгууну спутник байланыш базасынын негизинде спутник каналы аркылуу жүргүзөт. «А. »-нун маалыматтарды жөнөтүү тармагын тейлөөдө колдонулуучу тех. каражаттары тие­шелүү маселелерди аткарууда талапка жооп бе рет ж‑а сертификаттары бар. «Бишкек‑98, 99, 2000» эл аралык көргөзмө‑жарманкелеринде Кырг‑ндагы мекемелерди, дүйнөдөгү инсандар м‑н маалымат алмашууну ийгиликтүү тейлеген­диги, «Интернет карта» долбоорун ишке ашыр­гандыгы, Кырг‑ндагы респ. интернет тармагын өнүктүргөндүгү үчүн медалдар м‑н сыйланган. Азыркы учурда «А.» кардарлары интернет кыз матын, үйдөн колдонуучулар үчүн жогорку ыл­дамдыктагы VDSL технологиясын колдонууну жайылткан жогорку ылдамдыктагы каналдар б‑ча «Ноте. Net» мекемеси аркылуу «А.» тар­магына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

У. Н. Бримкулов.