АЗИМОВ Айзек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губ., азыркы Смоленск обл. – 6. 4. 1992, Нью­Йорк) – амер. жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия ун‑тин бүткөн (1939), Бостон ун‑тинде сабак берген. 500гө жа кын чыгармалардын автору. Биринчи рома ны – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып кел ген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) ил.-фан­тастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам м‑н машинанын өзара мамилелеринин моралдык проблемалары ана­лизденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары ж‑дөгү, ар түрдүү эн­циклопедиялардын, а. и. Библия ж‑а Шекспир б‑ча китептердин автору катары белгилүү. Ил.­фантастикалык ж‑а ил.-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.