АЗДАР
Jump to navigation
Jump to search
азбудун – о. кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калктын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси ж‑а аз деп экиге бөлүнгөн. Тон‑Йукукка арнал ган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздар-
ды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жерг. жол көр сөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири б‑ча Аздар мурун Туванын батышында жашап, 716‑ж. Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түш.-батышка ооп, Жети‑Суудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян‑Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин.
эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу А. аталган деп болжойт. К. Табалдиев.