АЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 азбудун – о. кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калк­тын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси ж‑а аз деп экиге бөлүнгөн. Тон‑Йукукка арнал ган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздар-

ды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жерг. жол көр сөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтү­рүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири б‑ча Аздар мурун Туванын батышында жашап, 716‑ж. Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкалан­ган соң, басымдуу бөлүгү түш.-батышка ооп, Жети‑Суудагы түргөштөргө кошулган. Калган­дары Саян‑Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыр­кыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин. эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу А. аталган деп болжойт. К. Табалдиев.