АЖАРЛАР
Jump to navigation
Jump to search
(өздөрүн ачарели деп аташат) – Ажар Автономия Республикасындагы грузиндердин этностук тобу. Саны 500 миң адам (2010). Грузин
тилинде сүйлөшөт. А. грузин, Византия жазма маалыматтарына караганда 10‑к‑дан бел гилүү. Алар б. з. ч. 6‑4‑к‑да Колхида, кийинчерээк Иберия падышачылыгынын, б. з. 4‑к‑да грузиндердин мамл. бирикмеси – Лазиканын бир бөлүгү болгон. 4‑к‑да A‑да христиан дини тараган. Алгач селжуктар (11‑к.), кийин түрктөр
(16‑к.) басып алган мезгилде А. ислам динин кабыл алган. Алар өз эркиндиги үчүн түрктөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышып, орус‑түрк согушунан кийин (19‑к.) Грузиянын курамына кошулган. 1990‑ж. Ажар автономия респ. болуп түзүлдү. А. негизинен мал чарбачылык ж‑а дыйканчылык м‑н кесип кылышат.