«АЖАР» повести
Jump to navigation
Jump to search
– кыргыз прозасындагы туңгуч повесттердин бири; автору К. Баялинов. Повесть 1928‑ж. жарык көргөн. Башкы каарманы Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Өткөн к‑дын 20ж‑нда татар, казак, өзбек ад‑ттарынын тааси ри астында жаңыдан калыптана баштаган кыр гыз жазма ад‑тындагы негизги темалардын бири болгон кыз‑келиндердин социал. жактан теңсиз турмушу чагылдырылат. Башкы тема – кара күчкө каршы куралдуу айбат көрсөтөм деп бөөдө кыргынга учурап, өз жеринен, тынч турмушунан ажыраган, бөтөн эл, бөтөн жерде катуу жапа чеккен кыргыз элинин трагедиясы, б. а. 1916жылдагы Улуу үркүндүн кейиштүү сүрөтү тартылат. Ажардын карышкырларга таланып өлүшү азаптуу замандын ага көрсөткөн жазасы эле. Ал кезде кыргыз эли дуушар болгон геноцидцин (орус падышасынын тукумкурут кылуу саясатынын) эбегейсиз трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган ка армандардын кайгылуу тагдырлары, азаптан күйгөн сезимдери жөнөкөй ж‑а жасалмасыз баяндалып берилгендиги м‑н айырмаланат. По весть англис, немец, француз, испан ж‑а орус тилдерине которулган. И. Жумабаев.