АДЫШЕВА Тенти

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Тенти (1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Күн Чыгыш айылы – 19. 4. 1984, Фрун зе) – акын, Кыргыз эл акыны (1980). КМУнун филология ф‑тин бүтүргөн (1955), Кырг‑н JIKCM 

Борбордук Комитетинин секретары (1937), Биринчи Май р‑ндук аткаруу коми тетинин председатели (1949‑51), Респ. саясий ж‑а илим‑билим б‑ча комитет­тин бөлүм башчысы, Автор­лордун укугун коргоонун Бүткүл союздук башкарма­сынын Кырг‑ндагы бөлүмү­нүн башчысы (1956‑76) бо луп иштеген. Ад‑т ишине
1947‑жылдан баштап киришет. Алгачкы жый­нагы «Заманым» 1961‑ж. жарык көргөн. Чы­гармаларында акын Ата Мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук‑саясий турмуш окуялары­на үн кошуп турган. Эски ж‑а жаңы заманды, элдин турмушунда соңку мезгилде болуп жат-

АДЫШЕВА5.png

кан өзгөрүүлөрдү көбүнчө кыз‑келиндердин таг­дырлары аркылуу чагылдырган. Акындын «Жа­рык дүйнө» (1965), «Таалай» (1972), «Ырлар жа­на поэмалар» (1979), «Ой толгоо» (1980), «Ме нян күнүм» (1983) аттуу китептерине, чыгарма­лар жыйнагынын бир томдугуна (1987) топтол­гон ырларынын өзөк идеясы да ушундай. «Өткөн замандан бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жа­ңылдын элеси», «Таалай», «Эстелик» ж. б. поэ­малардын дээрлик бардыгы аялдар темасына ар­налган. Аталган поэмалардын арасынан идея­лык мазмуну ж‑а көркөмдүк касиети жагынан «Жадылдын элеси» айырмаланын турат. Чыгар­ма Жацыл Мырза ж‑дөгү элдик адыздын неги­зинде жазылган. «Кылы үзүлгөн комузум» эскер­месинде А‑нын ад‑тка ж‑а көркөм чыг‑лыкка карата көз караштары, кыргыздын алгачкы муун­дагы акын‑жазуучуларынын, көркөм өнөр кыз­маткерлеринин ж‑а илимпоздорунун, 1930 -60­ж‑дагы интеллектуалдык маданий турмушунун калыптануу мезгили ж‑дө баяндалат. «Ардак Белгиси» ордени ж‑а медалдар м‑н сыйланган.