АДЫР термин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – Кырг‑нда ж‑a чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектерин­де же аларга жакын аймактарда таралган дөң­сөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100‑400 м көтөрүңкү, үс­түнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин тал­каланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. А‑ларга негизинен чөл, жарым чөл ж‑а талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфе мер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. А‑лар Кырг‑ндын аймагында, айрык­ча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине ж‑а Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр­Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.