АДЪЕКТИВАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. adjectivum – сын атооч) башка сөз түркүмдөрүнө тиешелүү сөздөрдүн сын атоочтук милдетте колдонулушу (мис., жалпылоочу маани, самаган максат, ошол окуя ж. б.). А. термини көбүнесе атоочтуктарга карата кол донулат, себеби башка сөз түркүмдөрүнө караганда бул процесске этиштин атоочтук формалары көбүрөөк дуушар болот. Айрым окумуштуулар А‑ны сөз жасоого тиешелүү кубулуш деп эсептеп, А‑ланган лексикалык бирдиктерди сын атооч катары карашат; айрымдары аны полисемияга тиешелүү көрүнүш катары карайт; үчүнчү бир көз караш б‑ча атоочтуктар А‑ланбайт, себеби атоочтуктар этиштин өзгөчө формасы эмес. A‑да сөз (же анын маанилеринин
бири) сын атоочтун маанилик ж‑a граммат. белгилерине ээ болот да, нерсени же кубулуштун сапат белгисин көрсөтөт. Бул алардын семантикасынын өзгөчөлүктөрүнө, морфемалык курамына, зат атооч м‑н айкашуу жөндөмдүүлүгүнүн бекем же бошоңдугуна ж. б. байланыш туу.