АДСТРАТ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. ad – жанында ж‑a stratum катмар, кабат) – ар түрдүү элдердин узак мез гил аралаш же жанаша жашагандыгынын натыйжасында ар башка тилдердин (эки элдин ти ли) бири бирине таасир тийгизишинин тилдик системадагы жыйындысы. А. субстрат ж‑а суперстрат терминдеринен айырмаланып, тил дердин өзара таасиринин бейтарап тиби болуп саналат. Ал этникалык жактан эки эл ассимиляцияланбайт, бир тил экинчи тилге аралашып, сиңип жок болуп кетпейт дегенди туюндурат. А. кубулушу өз алдынча эки тилдин ортосундагы катмарды түзөт да, аралаш билингвизмди туюндуруу үчүн да колдонулат.