АДМИРАЛ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
[(ар. Амир аль (бахр) – деңизде бийлик кылуучу)] – аскер‑деңиз флотундагы жогорку аскердик наам. Алгач европалыктар А. түшүнүгүн түз маанисинде кабылдашып, мис., Колумбга «Океандын адмиралы» деген наам ыйгарышкан. Бирок негизинен мусулмандар да, алардан деңиз иштеринин көп жактарын өздөштүрүшкөн христиандар да А. деп флот же эскадрага командалык кылгандарды аташкан. 18‑к‑дан флот А. (армиянын генералы наамына тете), адмирал (генерал‑полковник), вицеадмирал (генерал‑лейтенант) ж‑a контрадмирал (генерал‑майор), о. эле инженердик кеме курамы үчүн к о н т р‑А.- инженер, вице- А.-и нженер, инженер ж‑а
А.-инженер деген наамдар пайда болгон. Кырг‑нда биринчилерден болуп Темиров Ма рат жогорку аскер‑деңиз чини – контр‑А. наамын алган.